БРОНХОПНЕВМОНИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 10 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНХОПНЕВМОНИ́Я (бронх жана пневмония) – колко менен өпкөнүн айрым бөлүктөрүнүн сезгениши. Мында өпкөнүн альвеолалары, эпителий клеткалары лейкоцит менен эритроцит аралаш сары сууга толот. Көбүнчө мал (чочко, кой, музоо жана канаттуулар) ооруйт. Ал бронхиттин күчөп кабылдап кетишинен, ошондой эле гельминтоздордун кесепетинен пайда болот. Бронхопневмония жугуштуу оорунун салдарынан болсо, ылаӊга чалдыккан малды өзүнчө сарайга бөлүп дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоодо антибиотиктер, сульфаниламиддик препараттар колдонулат.