БЕЙШЕМБАЕВ
БЕЙШЕМБАЕВ Кыдыр (1921, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө кыштагы – 1978, Ысык-Көл облусу, Каракол) – адабиятчы, тилчи, филология илимдеринин доктору (1974), профессор (1975). Каракол педагогикалык окуу жайын (1939), КМПИнин тил жана адабият факультетин (1947) бүтүргөн. Кыргызмамбаста редактор (1947–1949), Ош мугалимдер окуу жайында, Ош педагогикалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын тил жана адабият институтунда илимий, улук илимий кызматкер болуп иштеген. Кыргыз адабиятынын тарыхын изилдеген 100дөн ашуун илимий эмгектин автору. Медалдар менен сыйланган.
Эмг.: О произведениях А. Токомбаева. Ф., 1971.