БАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ – аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуу­чу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээш­ме суюктук; баалуу азык. Бал таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, бара ­бара коюуланат. Балда 15 түрдүү органикалык кислота, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат жана 16–22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3–4% декстрин, 0,3% белок зат­тары, фосфор жана туз кислоталары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Балдын сапаты коюу­лугу, даамы, жыты, өңү ж. б. боюнча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза менен фруктозага ажырайт. Фруктоза менен глюкоза аралашмасынын дарылык жана диеталык касиети бар. Анын химиялык курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамын­дагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарт­кычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт.