БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:31, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топу­рактагы биохимиялык процессти күчөтүп, өсүмдүктүн азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер менен камсыз болушу жакшырат. Бактерия жер семирткичинен нитрагин, азот бактерини жана фосфор бактерини көп пайдала­нылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачы­лат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бакте­риясынан даярдалып, органикалык заты көп чөйрөдө кө­бөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70–300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жер­ жаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү менен бирге, ал­дын ала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү менен колдонулат. Азотбактерин – азотбактерден даярдалган жер семирткич; органикалык заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт боюнча 1 г азот­бактеринде 50 млндон ашык азотбактер клет­касы болот. Ал өсүмдүктүн козу карын илдети­нен жабыркашын азайтат. Минерал, азот жана органикалык жер семирткичин толук алмаштырбайт. Фос­форбактерин –курамында микроорганизм споралары (1 г да 8–16 млрд) бар боз түстөгү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө ай­ландырат. Органикалык жана минералдык жер семирткич менен бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Бактерия жер семирткичи үрөн менен кошо гектарына 400–500 г себилет.