БЕЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 18 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙТ (ар. байт – үй деген сөздөн) – туташ уй­каш эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навоинин поэмалары Бейт формасында жазылган. Казал, касыйда адатта туташ уйкашкан эки сап­тан, башкача айтканда Бейттен турат. Кыргыз оозеки жана жазма адабиятында да көп кездешет. А. Осмонов элдик дас­тандардын негизинде «Мырза уул», «Карагул бо­том» поэмаларын Бейт формасында жазган.