БАЛА-ЧЫЧКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛА-ЧЫЧКАН, К у й б ы ш е в – Жалал Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу. Аты окшош суунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1370 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 3 км, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 186 км. 1936-жылы отурукташкан. Калкы 3877 (2022); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП, китепкана бар.