БАЛАСАГУН ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:46, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАГУН ТООЛОРУ – тарыхый топоним. Махмуд Кашкаринин «Китаб диван лугат ат­түрк» сөздүгүндө (11-кылым) кезигет. Баласагун шаарынын (Бурана) географиялык ордуна карата Баласагун тоолору Кыргыз Ала-Тоосу менен салыштырылат. Аталган эмгекте «Кочнар баши» (Кочкор-Башы) менен Баласагундун ортосунда «Замбиарт» деген жер бар экени айтылат. В. В. Бартольд (1887) бул жерди Кыргыз Ала-Тоосундагы Шамшы ашуу­суна туура келерин айткан, кара: Баласагун.
С. Өмурзаков.

'