БАЛАСАГУН
БАЛАСАГУН – Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамлекетинин борбору. Шаар жөнүндө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Баласагун шаарынын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-кылым). Махмуд Кашгаринин (11-кылым) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Баласагун шаары, ошондой эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Баласагун Тараз шаарынын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор менен курчалат. Ас-Самани (12-кылым) жана Якут (13-кылым) Баласагунду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13-кылымдагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айтылат. Абу-л-Фиданын (14-кылым) эмгегинде бул шаардын астрономиялык көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-кылым) Чүй суусунун боюндагы чоң шаардын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сакталган жерде имам Мухаммед Факих Баласагунинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-кылым) Баласагунду Кашкардан алыс жерге жайгаштырып, анын астрономиялык көрсөткүчтөрүн берет. 11-кылымда Баласагун шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам жана кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга жана археологиялык табылгаларына таянышып, байыркы Баласагун азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Баласагун шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай жана бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган жана соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, ошондой эле элчиликтер жайгашкан. Шаар-

дын сырты чоподон согулган дубал менен курчалган. 14-кылымда ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Ө. Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Плоских В. М. Наш Кыргызстан. Б., 2004.