БАЛАНС
БАЛАНС (англ. bаlаncе) – 1) теңдем; 2) өндүрүш каражаттарынын абалын курамы боюнча (актив), ошондой эле алардын булактары, максаты жана кайтаруу мөөнөтү боюнча (пассив) белгилүү бир датага акча түрүндөгү көрсөткүчтөр системасы. Баланс топтомдор системасына жана бухгалтериялык баланска бөлүнөт. Топтомдор Балансына төлөм Балансы, соода, эсеп-кысап, эл аралык карыздар банкы ж. б. кирет.