БАЛАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:08, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАГАН – 1) көчмө театр. Орто кылымдарда Балаган көчүп жүргөн артисттердин сахнасы катары пайдаланылган. Балаган деп мурда чатыр аталган, анын кичинекей сахнасында чакан пьесалар ой­нолгон, ошондой эле жонглёрлор менен дарчылар да чык­кан; 2) көңүл көтөрө турган оюн-зоок, комедия­нын бир түрү. Көбүнчө циркте маскарапоздор ой­нойт, мюзик-холлдо, кинодо да пайдаланылат.
Азыркы мезгилде Балаган пантомима жанрында жана кээде кинофильмдерде кездешет.