БИОЦЕНОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 11 май 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЦЕНО́З (био… жана гр. koinos – жалпы) – белгилүү бир географиялык мейкиндикте тарыхый эволюциялык жактан бири-бири менен тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы. Биоценоз терминин немец биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Биоценоз» тирүү организмдердин эволюциялык өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет. Биогеоценозду түзүүчү организмдердин тиричилик үчүн күрөшү табигый-эволюциялык факторлордун натыйжасында пайда болгон. Биоценозго кирген өсүмдүк жыйындысы фитоценоз, ал эми жаныбарлардыкы зооценоз деп аталат. Биогендик зат алмашуу катнаштары боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана сапрофагдар болуп бөлүнөт.