БАКУ КОММУНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ КОММУНАСЫ – Бакуда жана Азербайжандын айрым аймактарындагы Совет бийлигинин (1918-жыл, апрель – июль ) өкмөтүнүн аталышы. Өкмөттүн курамы большевиктерден жана солчул эсерлерден түзүлүп, Эл комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Азербайжанда Совет бийлигин орнотуу аракети алгач ийгилик­сиз аяктап, Баку коммунасы түрк жана англис аскерлери тара­бынан кыйратылган жана анын 26 жетекчиси (Баку комиссарлары – С. Г. Шаумян, М. А. Азизбе­ков, П. А. Жапаридзе, И. Т. Фиолетов ж. б.) «Бор­бордук Каспий диктатурасы» өкмөтү тарабынан туткунга алынып, 1918-жылы 20-сентябрда Закас­пийде атылган.