БАКТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:03, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТРИЯ, Б а к т р и а н а – Аму дарыянын ортоңку жана жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан менен Тажик­стандын түштүк жана Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү жана түштүк -чыгышы Арахосия жана Гандхара, батышы Маргиана менен чектешкен. Бактрия – Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын жана мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Биздин заманга чейин 6–4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Маке­донскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек – Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия жана Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия – Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү жана алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (биздин заманга чейин 4–2-кылымдар) табылган.