БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАМТАЛ ЗАКАЗНИГИ – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы ботаникалык корук аймак. Боом капчыгайында, Чүй дарыясынын боюнан (Көк-Мой­нок кыштагынан Байдамтал суусуна чейин) орун алган. Аянты 20 га. Сейрек учуроочу жана реликт чөп өсүмдүктөрү – шобер жана сибирь боз коңорчогун коргоо жана көбөйтүү максатында уюшулган.