БАИРИКИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:53, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАИРИКИ – Кирибати мамлекетинин борбор шаары (1979). Баирики аралында, Тарава атол­лунун (Гилберт аралдар тобуна кирет) түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 44,4 миң (2005). Британия протекторатынын административдик борбору катары 1895-жылы Гилберт жана Эллис аралдарында негиз­делген. 1979-жылдан көз каранды эмес мамле­кеттин борбору. Университет (Түштүк-Тынч океан университети­нин филиалы, 1973), улуттук китепкана (1979), шаардан 8 км түндүк-батышта ири деңиз порту жана кеме ремонттоочу жайлар (Бетио аралында) бар. Кокос жаңгагынын жана балык соода борбору. Япон согуш базасынын калдыктары (согуш техникасы, мемориал багы, синтоизм храмы жана көрүстөндөр) сакталган. Баирикиден 16 км чыгышта өлкөнүн маданий борбору (анын ичинде акуланын тиши менен кооздолгон кылычтар, кокос жаң­гагынан жасалган буюмдар сатылат) жайгаш­кан. Шаардан 20 км чыгышта эл аралык аэропорт бар.