БАЗИЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗИЛИК (Осіmum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал же чала бадал. Тропик жана субтропик алкактарда 150гө жакын жапайы түрү кездешет. Мелүүн климат­туу аймакта эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Грузияда, Краснодар крайында эвгенол базилиги тоют өсүмдүгү катары эгилет. Анда эфир ма­йы, эвгенол болот. Майы менен эвгенол парфюмерия жана тамак-аш өнөр жайында, ванилин препаратын чыгаруу үчүн медицинада колдону­лат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер менен азык­тандырылат. Жашыл массасы чанагы сарга­йып, уругу быша баштаганда жыйналат. Огород базилиги негизинен КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө өстүрүлүп, тамак-ашка татымал катары кондитер өнөр жайында жана ликёр чыга­рууда пайдаланылат.