БАЗАРТУРУК
БАЗАР-ТУРУК – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2470 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы теми ржол бекетинен 135 км. Калкы 1101 (2022); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар.