БАЗАРЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРЛЫК – базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогон­дуктан айда, жылда 1-2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор бар­чуларды кулактап, мал, акча беришип, ке­ректүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга ба­руу оңой-олтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Базарлык алып келүү салты пайда болгон.