БАКТЕКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:14, 20 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕКТЕР – куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн уруусу. Бактектер көгүчкөндөрдөн кичи­рээк (узундугу 14–30 см), мойнунда кара тагы бар, куйругу узун. Түсү күрөң, аркасы кара көк, боору агыш, куйрук чалгындары көгүш. Алар Европа­нын борбордук, түштүк бөлүктөрүндө, Иран, Афганстанда кезигет. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү жашайт. Да­рактар жана бадалдарга уя салып, эки ак жумурт­ка тууп, эркек жана ургаачысы басып чыгарат. Бактектер өсүмдүк уругу, мөмөсү, даны менен азыктанат.