ВЕЧЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:27, 26 Август (Баш оона) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́ЧЕ (эски славянча «вещать» – сүйлөө деген­ден) – байыркы жана орто кылымдагы Руста жалпы маселелер талкуулана турган элдик чогулуш. Славяндардын уруу жыйындарынан келип чык­кан. Байыркы орус мамлекети (кара. Киев Русу) пайда болгон соң, феодал ак сөөктөр Вечени князь бийлигин чектөө максатында пайдаланышкан. Анда согуш жана тынчтык, посадниктерди шай­лоо же алып таштоо ж. б. маселелер каралган. Вечени чакыруунун белгилүү мөөнөтү болгон эмес. Коңгуроо кагылганда, калк белгилүү аянтка жыйналган. Вече чыныгы элдик бийлик болгон эмес, иш жүзүндө бийлик феодалдарга жана шаар­дык ак сөөктөргө таандык болгон, бирок ал көпчүлүк элге саясий турмушка белгилүү дара­жада таасир этүү мүмкүндүгүн түзгөн. Улуу княз­дар бийлигинин чыңдалышы менен 14-кылымдын аягынан Вече жоюла баштаган.