ВААЛЬС Ван дер Ваальс

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 26 Август (Баш оона) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́АЛЬС , Ван дер Ваальс (van der Waals) Йоханнес Дидерик (23.11.1937, Лейден – 09. 03.1923, Амстердам) – нидерландиялык физик. Лейден университетинин эркин угуучусу (1862–1865). Амстердам университетинде профессор. Илимий иштеринин басымдуу бөлүгү молекулалык физика жана төмөнкү температурадагы физикалык кубулуштарга арналган (1873), реалдуу газ абалынын теӊдемесин чыгарган (Ван дер Ваальс теӊдемеси). Бинардык эки фазалуу кошулмалар теориясын (1890) жана капиллярдуулуктун термодинамикалык теориясын (1894) иштеп чыккан. Электролиттик диссоциация жана гидростатика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1910).
Эмг.: Курс термостатики. М., 1936. Ч. 1 – 2 (Ф.Констамм менен бирге.)