БЕЙСЕБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 29 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙСЕБАЕВ Рахат Сансызбаевич (03. 01. 1975-жылы туулган, азыркы Бишкек шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2020). БМУну (2001), Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербургдагы филиалынын аспирантурасын (2008) бүткөн. 2001–2002-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясында бөлүмдүн жетектөөчү адиси, 2009–2016-жылдары Б.Эльцин атындагы КРСУда кафедранын доценти, 2011–2018-жылдары К. Карасаев атындагы БМУнун Славян таануу факультетинде бөлүм башчы, 2011–2013-жылдары Вестминстер университетинде (Лондон, Улуу Британия) илимий стажёр, 2013–2017-жылдары К. Карасаев атындагы БМУда кафедра башчысы, 2017–2020-жылдары Кыргыз-кытай факультетинин деканы, 2020-жылдан профессору. Эл аралык менеджмент институтунда стажёр (Дели, Индия) (2014), «Ednet» билим берүү тармагынын эксперти (2014), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти (2018). BILIM-STANDARD агенттигинин эксперти (2019).