МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 27 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МУСТАЕВА» барагын «МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна (20. 5. 1912, азыркы Казакстан Республикасы, Петропавловск шаары - 1997, Бишкек) - опера ырчысы (сопрано). Кыр­гыз ССРинин эл артисти (1947). Фрунзедеги музыкалык окуу жа­йында (1930-1935), Москвада­гы Луначарский атындагы искусство институтунда (1935-1938) окуган. 1938-1965-жылдары

МУСТАЕВА Майнур Ибрагимовна

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти. Ырчылык өнөрүн драма актёрлугу менен айка­лыштыра билген. М. Мусаеванын көрүнүктүү партиялары: Айчүрөк, Каныкей, Канай­ым, Тотуя, Зулайка (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере - «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул», «Ажал ордуна»), Айша (А. Аманбаев, С. Герма­нов, «Айдар менен Айша»), Гүлайым (М. Раух­вергер, «Көкүл»), Гүлчахра (У. Гажибеков, «Ар­шин мал алан»), Кыз Жибек (Е. Брусиловский, «Кыз Жибек»), Татьяна (П. Чайковский, «Евге­ний Онегин») жана башкалар. Дүйнөлүк, орус, кыргыз ком­позиторлорунун ырларын, романстарын, опера­лардан арияларды аткарган. 1939-, 1958-жылдары Моск­вада өткөн Кыргыз искусствосу менен маданиятынын он күндүктөрүнө катышкан. «Ардак Белгиси» ор­дени менен сыйланган.