МУСАКЕЕВ Темирбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 26 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МУСАКЕЕВ» барагын «МУСАКЕЕВ Темирбек» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУСАКЕЕВ Темирбек (24. 0. 1950-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Өзгөрүш айылы) - кино сү­рөтчүсү, живописчи, график. 1985-жылдан Советтик Социалисттик Республикалар Союзу

(СССР) жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун, 1986-жылдан СССР жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын

маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2007), Кыргыз Республикасынын Токто­гул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреа­ты (2011), профессор (2012). 1971-жылы Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын, 1977-жылы Москвадагы Бүткүл союздук Мамлекеттик кинематография институ­тунун (ВГИК) мультипли­кациялык көркөм фильмдер факультетин бүтүргөн.

МУСАКЕЕВ Темирбек


1977-1992-жылдары «Кыргызфильм» ки­ностудиясында анимациялык жана көркөм фильмдерди коюучу, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) жана Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт ака­демиясында окутуучу. Т. Мусакеев - кино сүрөтчүсү ката­ры «Кыргызфильмде» көптөгөн мультиплика­циялык фильмдерди жаратууга катышкан. Бал­дар китептерин жасалгалаган. Т. Мусакеевдин фильм, ки­теп жана картина түрүндөгү 500дөн ашык чыгар­масы бар. Живопистик жана графикалык чыгар­малары менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан. «Кыргыз элинин улуттук кийимдери» альбому Италияда, Түркияда чыккан. Ошондой эле бул альбом Бүткүл союздук эл аралык көргөзмөдө чет эл­дик көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.