ОРГОЧОР
ОРГОЧОР (монголчо оргоцор - бөлөк-бөлөк тоо, дөңсөө) — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Оргочор айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл ойдуңунун түштүк-чыгышында, Оргочор дөнсөөсүнүн түштүк этегинде, дениз денг.
1752 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 2 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 189 км. Кыштак 1932-жылы пайда болгон. Калкы 2394 (2007); негизинен мал багып, тоют даярдайт, дыйканчылык кылат. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, маданият үйү, музей бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана Сарт аке менен Тилекмат акеге эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ж. Тынаев туулган.