ОРГАНОГЕНДҮҮ ТОО ТЕКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАНОГЕНДҮҮ ТОО ТЕКТЕР, биогендүү тоо тектер - жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыгынан же алардын тиричилик процесси­не байланыштуу пайда болгон чөкмө тоо тек­тер. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн организми ткандарды же скелеттерди түзүүчү минерал би­рикмелерин топтоого жөндөмдүү. Бул бирик­мелер алардын калдыктарында сакталып, 0. т. т-дуларды пайда кылат. Ал заттык курамы боюнча аки таштуу, кремнийлүү, фосфаттуу, көмүр­лүу, нефтилүү болуп бөлүнөт. Аки таштуу 0. т. т-ди фораминифералардын үлул кабыктары, шуру (коралл), балык курту (мшанка), брахио­под сыяктуу жаныбарлардын калдыктары түзөт. Кремнийлүү 0. т. т-дин курамын организминде кремний көп кездешкен балырлар, былпылдак­тар (губкалар) жана радиоляриялардын калды­гы жаратат. Фосфориттүү 0. т. т-н омурткалуу жаныбарлар, силур мезгилинин брахиоподу пай­да кылат.