ОРГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАН (грек. organon - аспап, курал, шайман) — клавишалуу үйлөмө аспап. Байыркы заманда пайда болгон. Ал металлдан, жыгачтан түрдүү узундукта жасалган түтүктөрдөн жана пневмати­калык системадан, ошондой эле регистрлерди өзгөр­түүчү жана клавиатураларды бир-бирине улаш­тыруучу механизмдерден турат. О-да 1-7 мануал (ар биринде 72 клавиштен), бут менен басчу пе­даль жана бир нече миң түтүк (добуш чыгаруу куралы) болот. О-тектеш аспаптар - волынка, байыркы кытай шэни, европалык Пан флейтасы. 14-к-дан 18-к-дын ортосуна чейин О. батыш Ев­ропага алгач чиркөөлөрдө хорду коштоо макса­тында пайдаланылып, кийин жарандык аспап катары кеңири тараган. Соңку убакта камера-

Орган, Харьков филармониясы.

лык, симфониялык музыканын өнүгүшүнө байланыш­туу анча көп колдонулбайт. О. көбүнчө жеке аткарылат.