ОРАНЬЕСТАД
ОРАНЬЕСТАД - Аруба мамлекетинин борбору жана ири шаары. Аруба а-нын түштүк жээгинде, деңиз деңгээлинен 18 м бийиктикте жайгашкан.
1796-жылы форттун курулушуна байланыштуу пайда болгон. Калкы 35,3 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык (королева Беатрикс атындагы) аэропорту бар. Гаванына көптөгөн круиздик кемелер кирет. Түштүк Америкадан, АКШдан, Европадан керектүү товарларды, азык-түлүк алат. Шаар архитектурасы голландиялык курулушка окшош болгону менен жергиликтүү өзгөчөлүктөр менен коштолот. Соода борборлору, дүр-дүйнө дүкөндөрү иштейт.
