ОРАН
ОРАН - Алжирдин түндүк-батышындагы порт шаар. Оран вилайетинин администрациялык борбору. Калкы 685,0 миң (2011). Калкынын саны боюнча Алжирдеги 2-шаар. Ири жолдор тоому. Өлкөнүн соода жана ө. ж. борбору. Шарап, альфа чөбүн ж. башкача айтканда ч. сырьёлорун сыртка чыгаруучу порт. Тамакаш, металл иштетүү, химиялык, текстиль, цемент ө. ж. ишканалары, түтүк прокат заводу иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Университет бар. Шаар 10-к-да негизделген.