ООРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООРУ, с ы р к о о — организмдин сырткы (экзо­гендик) же ички (эндогендик) зыяндуу фактор­лордун таасиринен жана тукум куума генетикалык кем­тиктердин натыйжасында пайда болуучу аба­лы. Организмге зыян келтирүүчү фактордун күчү коргонуу реакциясынан ашып кеткенде болот. 0-нун пайда болушуна түрдүү факторлордун - физикалык, химиялык, биол. же психикалык таасир түрткү болот. Мисалы, көбүнчө механикалык (урунуу, чоюлуу ж. б.), температуралык (суук тийүү же үшүк алуу, күйүү), радиактивдүү, электр-магниттик ж. б. таасирлер, ошондой эле химиялык факторлордун таасири да көп ооруларды чакырат. Көп О-нун пайда болушуна жугуштуу оору чакыруучу биол. фак­тор (вирустар, микроорганизмдер, гельминттер ж. б.), физиол. активдүү заттардын (гормондор, ферменттер) жана иммун жетишсиздиги ж. б. се­беп болот. О. бүтүндөй организмдин тиричилик аракетинин бузулушу болуп эсептелет. Ал ка­туу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармоочу 0. жашыруун (инкубациялык), 0. белгилери байкалуучу, күчөп турган жана айы­гуу мезгилдерине бөлүнөт. Жашыруун мезгил­де организмдин коргонуу механизми төмөндөйт, бирок О-нун белгилери байкалбайт. 0-нун ал­гачкы белгилери байкалгандан баштап, оору­луу өзүн начар сезип, бат чарчайт, булчуң, муун­дар ооруп, тамакка табити тартпайт, баш ооруйт ж. б. Күчөп турган мезгилинде ошол ооруга таандык бардык белгилер даана байкалат. 0. айрым орган же системалардын туруктуу өз­гөрүүсүнөн өнөкөт түрүнө өтүп кетиши ыкты­мал. Көпчүлүк учурда 0-нун толук сакайышы үчүн өз убагында дарылануу жана врачтын көр­сөтмөсүн так аткаруу чоң мааниге ээ.