ООГАН ТАЛАА
ООГАН-ТАЛАА — Жалал-Абад облусунун БазарКоргон районундагы кыштак. Могол айыл аймагына караштуу. «Ачы» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр менен Арстанбап сууларынын кошулган жериндеги тектирде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 71 км. Кыштак 1850-жылы пайда болгон. Калкы 2710 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен да алектенет. Мөмө-жемишти кайра иштетүүчү чакан ишкана, «Байлык» АКы, «Ачы» керек-жарак коому, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу жана соода жайлары, чайкана, базарчалар иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана, поликлиника, дарыкана, бала бакча, маданият үйү, почта жана телеграф бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры П. Т. Слюсаренко, Кыргыз Респ-нын эл артисти С. Далбаев туулган.