ОН ЭКИ БЕЛ
ОН ЭКИ-БЕЛ - Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Он Эки-Бел айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1245 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 32 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 19 км. Калкы 3611 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, медпункт бар.