ОНХОЦЕРКОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНХОЦЕРКОЗ - малдын ОпсЬосегса уруусун­дагы жумуру курт пайда кылуучу инвазиялуу ылаңы. Малдын тарамышын, сөөк байламта­ларын жана тутумдаштыруучу ткандарын жабыр­катат. Ылаңга уй, жылкы, буйвол, эчки, төө ж. б. чалдыгат. Ылаң пайда кылуучу курттар майда кара чиркейлер аркылуу (малды чагып, канын соргон кезде) таралат. О-го чалдыккан мал терисинин сапаты начарлап, тери ө. ж-на зыян келет. 0. ылаңын дарылоо жолу иште­лип чыга элек. Алдын алуу үчүн малды мүмкүн болушунча чиркей жок же аз жайытта багуу керек.