ОНТОГЕНЕЗ
ОНТОГЕНЕЗ (грекче 6п, 6п1ов - анык жана ...генез), онтогения - организмдин пайда болгондон тиричилигинин акырына чейинки бардык өзгөрүүлөрүн камтыган жеке өөрчүүсү. Жыныс жолу менен көбөйүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн О-и уруктанган энелик клеткадан - зиготадан, ал эми жыныссыз көбөйүүчү организмдердин О-и споралардын, вегетациялык көбөйуу органдарынын калыптанышынан башталат. О-де организмде морфол., физиол. жана биохим. татаал өзгөрүүлөр жүрөт. Жаныбарларда О. процессин жөнгө салууда нерв жана эндокрин системасы чоң мааниге ээ. Жыныс жолу менен көбөйүүчү көп клеткалуу жаныбарлардын О-и кыйла татаал. Алардын О-и 3 стадиядан турат: түйүлдүк алдындагы (жыныс клеткалардын өрчүүсү жана уруктануусу) мезгили; түйүлдүк (организмдин жумурткадан жана түйүлдүк кабынан чыкканга чейинки) мезгил; түйүлдүктөн кийинки (жыныстык жетилүүгө чейин) мезгил. Жаныбар О-инин личинкалык, жумурткада өөрчүүчү жана ургаачынын денесинде өсүүчү түрлөрү бар. Өсүмдүктөрдүн О-и жыныс жолу менен көбөйүүчүлөрдө уруктанган энелик клеткадан башталат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн О-ине жыныссыз муун (спорофит) менен жыныс мууну (гаметофит) кезектешип алмашышы мүнөздүү. Спорофит - зиготадан, гаметофит эң жөнөкөй споралардан пайда болот. Вегетациялык көбөйүүдө, ошондой эле өсүмдүктөрдүн дене клеткаларынын бөлүнүүсүнөн башталат. Уруктуу өсүмдүктөрдө түйүлдүк стадиясы энелик клетка уруктангандан, урук толук калыптанганга чейин созулат. Өсүмдүк О-и түйүлдүк (эмбрион), өсүү, жетилүү, көбөйүү, картаюу этаптарына бөлүнөт. О-дин жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн клетка, ткань органдарында структуралык жана функциялык өзгөрүүлөр болуп, дифференциациялануу процесстери жүрөт. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр О-нин узактыгына жараша бир, эки жана көп жылдык болуп айырмаланат.