ОНИХОФОРАЛАР
ОНИХОФОРАЛАР (Опусйорйога), а л г а ч к ы трахеялуулар - омурткасыз жандыктар тиби. Денеси сегменттелген (13төн 43кө чейин). Формасы эжеке бээ саа сымал, уз.. 15 смге жетет, денеси жука кутикула менен капталган. Ар сегментинде хитин тырмакчалуу экиден жөнөкөй буттары болот. Башында оозу, 2 узун антеннасы, 2 көзү, хитин жаагы жана 2 ооз соргучу бар. Дем алуу органы начар өнүккөн кекиртектен турат. Кан айлануусу ачык. Тамак сиңирүү системасы түтүк сымал. Айрым жыныстуу, дээрлик бардыгы тирүү тууйт. 1 классы, 70 түрү бар. Түштүк жарым шардын тропик жана мелүүн алкактарындагы токойлордо чиринди арасында жашайт. Жырткычтары тамагын ооз соргучтарынан чыгарган илешкек суюктук менен кармайт. онкология — медицинанын шишиктердин пайда болуусун, өөрчүүсүн, клиникалык өтүшүн изилдөөчү жана аны диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Клиникалык медицинанын цитология, генетика, биохимия, патология, имуннология, вирусология, радиология, ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу эксперименттик жана клиникалык О. калыптанган. Шишиктердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп, жаныбарларда түрдүү сырткы таасирлер, ошондой эле химиялык бирикмелер шишикти пайда кылары далилденген. 1915-жылы япон илимпоздору канцероген заттардын таасири менен жаныбарда рак шишигин чакырышкан (таш көмүр чайырын коёндун терисине такай сыйпаганда, ал жерде рак пайда болгон). Кийин рентген нурунун радиоактивдүү изотоптордун канцерогендик таасири аныкталган. Кыргызстанда рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын диагноз коюу, дарылоо жолдорун Улуттук онкология борбОру изилдейт.