ОНЁГА КӨЛҮ
ОНЁГА КӨЛҮ, О н е г о - Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк-батышында. Карелиянын, Ленинград, Вологда обл-нын аймагында. Аянты 9,7
миң к№(аралдарсыз). Тереңдиги 127 лггечейин. Жогорку Свирь ГЭСи курулгандан баштап суу с-ка айланган (аянты 9950 км2). Көлгө Вытегра, Суна ж. б. дарыялар куюп, андан Свирь д. агып чыгат. Кеме каттайт. Ак деңиз - Балтика каналы аркылуу Ак деңиз жана Балтиканын алаптары, Волка - Балтика суу жолу аркылуу Волганын алабы менен байланышат. Балык кармалат. Көл жээгинде Петрозаводск, Кондопага ш., Кижи музей коругу жайгашкан.