ОМУРТКАСЫЗДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМУРТКАСЫЗДАР (1пүег1еЬга1а) — омуртка тутуму жок жаныбарлардын көп сандаган тобу. 19-к-дын башында фр. биолог Ж. Б. Ламарк жаныбарлар дүйнөсүн омурткалууларга жана О-га бөлгөн. О. 16-23 жана андан көп типке бө­лүнөт. Вуларга жөнөкөйлөр, былпылдактар, иче­ги көңдөйлүүлөр, ийне терилүүчүлөр, моллюска­лар, муунак курттар, жөнөкөй курттардын бир нече типтери, муунак буттуулар ж. б. кирип, 1-2 млнто чейин түрдү камтыйт. Ал эми омурт­калуулар типчесине 45 миң гана түр таандык. 0-дын өтө көп саны муунак буттуулар, алар­дын көпчүлүк түрлөрүн курт-кумурскалар түзөт (1 млндон ашык). О. бардык жерде - тузсуз суу­да, океан, деңизде, кургакта, топуракта тарал­ган. Көбү - өсүмдүк жана жаныбар мителери. 1 миллиард жыл мурун бир клеткалуулардан көп клеткалуулар келип чыккан. Кембрий мезгилин­де 0-дын көп типтери жашаган. Алардын ба­йыркы калдыктары түрдүү геол. чөкмө тектер­дин курамын түзгөн. Геол. чөкмөлөрдүн жашын, курамын аныктоодо, адам турмушунда жана та­биятта 0-дын мааниси чоң. 0-Дын ичинде та­мак-ашка пайдаланылуучулары, куштарга,

ба­лыктарга жем болуучулары бар. Айрымдары - өсүмдүк жана айбанат зыянкечтери.