ОМУРТКА ТУТУМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМУРТКА ТУТУМУ — кишинин жана омуртка­луу жаныбарлардын скелетинин негизги бөлүгү. 0. т-н омурткалар бири-бири менен омуртка ара­лык кемирчек (диск) жана байламталар аркылуу кошулуп түзөт. Ал омурткалуулардын таяныч органы болуу менен жүлүндү коргоп турат. Жүлүн омуртка каналынын ичинде жайгашкан. Аткар­ган кызматына жараша балыктардыкы 2 (дене, куйрук), кургакта жашоочу омурткалууларды­кы 4-5 бөлүктөн (моюн, көкүрөк, бел, куймул­чак, куйрук) турат. Моюн бөлүгү баштын кый­мылын камсыз кылып, түрдүү жаныбарларда

алардын саны ар башка. Мисалы, жерде-сууда жа­шоочуларда, сойлоочуларда орто эсеп менен 8 (4төн 9га чейин), куштарда 11ден 25ке чейин, сүт эмүү­чүлөрдө 7 моюн омуртка болот. 0. т-нун көкүрөк бөлүгүнө кабыргалар бекип, алардын көпчүлүгү төш сөөгү менен биригип, көкүрөк көөдөнүн (жерде-сууда жашоочулардан башка) түзөт. Куштар учуп жүргөндүктөн, көкүрөк омурт­каларынын бир бөлүгү биригип өскөн. 0. т-нун бел бөлүгүндө рудимент кабыргалар болуп, көкүрөк бөлүккө караганда

Омуртка тутуму: 1 - моюн омурт­калары; 2 - көкүрөк омурткала­ры; 3 - бел омурткалары; 4 - куймулчак; 5 - чычан.

Shape 5283
кыймылдуу болот. Куйрук бөлүгү ар кандай кыз­мат аткарат. Сойлоочулардын куйрук бөлүгү жакшы өөрчүп, көп сандаган рмурткалардан турат. Кишинин О. т. 33-34 айрым омурт­кадан туруп, 5 бөлүккө бөлүнөт: моюн (7), көкүрөк (12), бел (5), куймулчак (5) жана чычаң (4-5). Киши тик басып жүргөндүктөн, О. т. баш­ты, денени көтөрүп турат жана омурткалардын көлөмү жогортон төмөн карай чоңоюп, моюн жана бел бөлүгү алдыга (лордос) көкүрөк менен чычаң бөлүгү артка (кифоз) кетип, ийри ту­тумду түзөт. Көкүрөк омурткаларына 12 жуп ка­бырга бекип, ал кабыргалардын учу алды жа­гынан төш сөөгүнө туташып, көкүрөк көң­дөйүн түзөт. Кишинин келбети О. т-нун ар кан­дай деңгээлде ийилишине, анын байламталары жана булчуңдарынын абалына байланыштуу бо­луп, өсүүдөгү бузулуулар ага тескери таасир этет. 0. т-нун ийилиши тикесинен турган адамдын омурткаларынын ортосундагы урунууну азай­тып, басканда, чуркаганда, секиргенде пайда болгон силкинүү жеңилдейт. О. т. боюнча узата жайгашкан муундардын, кемирчектин жарда­мы менен ар түрдүү кыймылдарды ишке ашыруу­га болот. О. тутумунун моюн жана бел бөлүгү кыймылдуу, ал эми көкүрөк бөлүгү азыраак кыймылдайт.