ОМОР ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМОР ХАН (1785-1822) - Кокон хандыгын баш­карган хан. Нарбото бийдин баласы. 1809-жылы Кокон ханы, бир тууганы Алим ханды өлтүрүүгө катышып, такка отурган. О. х. динге такыба, ыр жазууга жөндөмдүү, илим жана маданиятты баа­лаган. Бухара хандыгы менен ынтымагын бекем­деп, түштүк кыргыздарды багындыруу үчүн жор­туулдарды күчөткөн. Түндүк Кыргызстанга да элчи жиберип турган. 1816-жылы Түркстан ш. жана Сыр­Дарыянын төмөнкү агымы кокондуктарга өт­көн. 1821-жылы Касан шаарынын акими Бекназарды Ош менен Кашкардын аралыгын жердеген сары­багыш уруусуна каршы аттандырган. Ошол эле жылы кетмен-төбөлүк кыргыздар да багынган. О. х-дын тушунда Кокон хандыгы кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык, саясий жактан чындала баштаган. Кокон ш. кеңейип, мечит, медресе, кербен-сарай ж. б. коомдук турак жай­лар көбөйгөн жана акча реформасы жүргүзүлгөн.