ОЛПОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛПОК - 1) жоокер найза, кылыч, айбалта жана жебеден сактануу үчүн кийген шырыма сырт кийим. 0-ко таар же кийиз тышталып, кездеме иштелип, ортосуна жүн же кебез салынган; жеңи кыска жана жука, жоокердин көкүрөк, арка, да­лы туштары калың жасалган. 0. сооттун сыр­тынан же өзүнчө кийилген. Ок атма куралдар­дын чыгышына байланыштуу 0. кийилбей кал­ган; 2) бешикке төшөө үчүн жүн, кебез, коога салынып жасалган мамыкча.