ОЛИВИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИВИН (латынча оИча - зайтун) п е р и д о т, хриазолит - оливин тобундагы минерал. Жалпы силикаттар классына кирет жана тоо тек пайда кылат. Магний менен темирдин силикаты­нан турат. Химиялык формуласы М§Ге2(ЗЮ4). Ромб системасында кристаллданат. Өңү сары, жашыл сымал, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Зергерликте тунук хризолит жана перидот кол­донулат. Жарык көбүнчө кырлары аркылуу өтөт. Катуулугу 6,5-7. Салыштырма салмагы 3,3-3,5. Морт. Кристаллдары өтө сейрек. Магмадан пайда бо­лот (ультранегиздүү жиреп чыккан тоо тектин, таш метеориттердин негизги минералы). Маг­незиялуу О. (форстерит) карбонатиттер менен маг­незиялуу байланышкан тоо тектер - скарндар­га мүнөздүү. О-дин курамында магма тоо текте­ри алмаз, платина, хромит, никель, титандуу магнетит бар. О-дин тунук кристаллы - хризо­лит кымбат баалуу асыл таш катары пайдала­нылат. Антика доорунан Кызыл деңиздеги Зе­бергед а-нда алынат. Ошондой эле Мьянма, Бразилия, Россия (Якутия), АКШда (Түндүк Каролина шта­ты) кезигет.