ОЛЕНЁК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛЕНЁК - Саха Респ-ндагы дарыя, башаты Краснояр крайында. Узундугу 2292 км, алабынын аянты 220 миң кмг. Вилюй платосунун түндүк чет­жакасындагы чакан көлдөн башталып, Буко­чан токол тоосун этектей агып, Лаптевдер деңи­зинин аты окшош булуңуна куярда аянты 475 км? болгон дельтаны пайда кылат. Нугу бо­соголуу; ири куймалары: Силигир (оң), Унукит, Биректе, Куойка, Беенчиме, Бур, Буолкалах (сол). Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Июндан октябрга чейин кирип, октябрдан июнга чейин тартылат. Орт. чыгымы 1210 м3/сек. Сен­тябрдын аягы - октябрда тоңуп, майдын аягы - июндун 1-жарымында муздан арылат. Балык­ка бай.