ОЛЕИН КИСЛОТАСЫ
ОЛЕЙН КИСЛОТАСЫ, СН3(СН2)7-СН = =СН (СН2)7СООН - каныкпаган бир негиздүү карбон кислотасы; түссүз, илээшкек, суюктук, кайноо 1225-226°С, тыгыз. 0,825 г/см3 (20°С). Жаныбар, өсүмдүк майларында триглицерид түрүндө кездешет. Бадам майында 75%, пальма майында 41-48% , күн карама майында 33% ти түзөт. О. к. менен бирге линол жана линолен кислоталары кездешет. Алардын аралашмасынан таза 0. к. фракция жолу менен бөлүнүп алынат. Кээ бир учурда майларды гидрогендөө менен линол жана линолен кислоталарын О. к-на чейин калыбына келтирип алынат. О. к-нын эфирлери жана глицериддери, лак, эмаль, олиф, боёк алууда, кээ бир эфирлери пластификатор катары колдонулат. Анын туздары самындын курамына кирет.