ОКШОШТУК (геометрия)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКШОШТУК геометрияда­геометриялык фигу­ралардын өз өлчөмдөрүнө көз карандысыз бир­дей формага ээ болорун мүнөздөөчү түшүнүк. Эгер жана Р, фигуралардын чекиттерине өз ара бир маанилүү туура келүүчүлүктү коюуга мүмкүн бо­луп, ал чекиттердин ортосундагы аралыктардын катышы туруктуу к санына барабар болсо, анда фигуралар окшош деп аталат. к - О. коэфф-и. Окшош фигуралардын аянттарынын катышы О. коэфф-инин квадратына, ал эми көлөмдөрү­нүн катышы 0. коэфф-инин кубуна барабар. Эгер тегиздиктин бардык фигураларын бир О. коэффициент боюнча окшош фигураларга айландырып өзгөртсөк, андай геометриялык өзгөртүү окшош өзгөртүү деп ата­латынча Окшош өзгөртүү - аффиндик өзгөртүүнүн айрым учуру. О. жана окшош өзгөртүүлөр техни­када, чийме чийүүдө, моделдөөдө колдонулат.