ОКШОШТУК
0КШ0ШТУК (өңдөштүк, түспөлдөштүк) - нерселердин, кубулуштардын бири-бирине барабардыгын жана бирдейлигин чагылдырган категория. Өзгөрмө дүйнө менен бирге О. да өзгөрүп турат. Мисалы, С нерсени мүнөздөгөн касиеттер Д нерседе да болуп, экөө окшош болот. Окшоштукту билүү үчүн окшош нерселерди адегенде бөлөкбөлөк ажыратып кароого туура келет. Анткени, О. айырмачылык аркылуу байланышат. О. категориясы логикада, табйят илимдеринде жана математикада көп кездешет.