ОКУТУУНУН КАБИНЕТТИК СИСТЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКУТУУНУН КАБИНЕТТИК СИСТЕМАСЫ - сабактын атайын жабдылган окуу кабинеттер­де, мектеп устаканасында өтүлүшү. Көбүнчө өн­дүрүштүк окуусу бар жалпы билим берүүчү орто жана атайын окуу мектептерде колдонулат жана атайын класс даярдалат. Сабактардын атайын жабдылган кабинеттерде өтүшү окуу-тарбия ишинин натыйжалуулугун арттырат, көрсөтмө куралды, аудио-видеоаппаратураны, түрдүү ла­бор. жабдууларды системалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. 0. к. с. мугалимдин ишин же­ңилдетет, убакытты үңөмдөйт, ошондой эле сабактар боюнча ийрим өткөрүүгө, окуучуларды конструктор­лоого, моделдөөгө үйрөтүүгө база түзөт.