ОКЛАХОМА СИТИ
ОКЛАХОМА-СЙТИ - АКШнын түштүгүндөгү шаар. Оклахома штатынын администрациялык борбору. Калкы шаар айланасы менен 1,2 миллион (2011). Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1889-жылы негизделген. Тамак-аш, химиялык, нефть ажыратуу, машина куруу (анын ичинде авиация, автомобиль, радио-электроника) ө. ж. ишканалары, информациялык технология жана саламаттык сактоо кызматы иштейт. Университет, Аскер-аба күчтөр базасы бар. Мында 1999-жылы кыйраткыч -ураган болуп, 36 миң адам каза болгон.
