ОК АТУУ СПОРТУ
ОК АТУУ СПОРТУ - мылтык, тапанча жана жаа менен атуу боюнча спорттун түрү. Анын стенддик атуу жана жаа атуу деген түрлөрү бар. Азыркы О. а. с-нун программасына жөнөкөй бута атуу (бир атууга 1-3 мин берилет), фигуралык бутаны тез атуу (бир атууга 3 сек же 5 атышка 20, 10, 8, 6, 4 сек) жана кыймылдуу бутаны («доңуз» же «бугу») атуу кирет. Мелдеш эки түрдөгү тегерек жана траншеялык стенд-аянтчаларда өткөрүлөт. Стенддик атууда көп убакыт атайын учурулган жапайы көгүчкөндөрдү атып мелдеш жүргүзүлгөн. Ошондуктан ал - мергенчилик спорту деп да аталган. 1980-жылдан баштап жасалма буталар колдонулат. О. а. с. боюнча 1897-жылдан дүйнөлүк чемпионат, 1923-жҢ1лдан жылыга бүткүл союздук мелдештер ө-ткөрүлүп турган, 1959-жылы 0. а. с-нун федерациясы негизделген. Спорттун бул түрү олимпиялык турнирлердин программасына киргизилген. КРде 0. а. с-нун чебери А. Мелентъев (СССРдин жана дүйнөнүн рекордсмени), Н. Мединская, В. Андреев ж. б. белгилүү.