ОЙ ТАЛ (Кара-Кулжа)
ОЙ-ТАЛ - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Ой-Тал айыл аймагына караштуу. Тар суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1920 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 70 км чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 158 км. Калкы 1839 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, орто окуу жайы, ФАП, клуб бар.