ОИМОК ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙМОК ГҮЛ, дигиталис (Бх^ИаИэ) — өсүмдүктөрдүн конул гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Жөнөкөй жалбырактуу эки же көп жыл­дык чөп, чанда бийик же чала бадал жана бадал. Гүлү чоң, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү кутуча, 35тей түрү Түндүк Африка, Ев­ропа, Кичи Азия, Кавказда, Батыш Сибирде токой че­тинде, ачык жер­де кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү өсөт. О. г. кайчылаш чанда­шат. Гүлүнүн тө­мөн жагы (алдын-

кы эрди) созунку болуп, чандаштыруучу чымын, чиркей, аарылар конгонго ыңгайлуу. Жалбы­рагында медицинада колдонулуучу гликозид­дер бар. Ал жүрөк ишин жөнгө салат. Заара бөлүп чыгарууну күчөтөт жана шишикти тара­тат. Кыргызстанда кызыл О. г. кооздук үчүн жана да­ры-дармек катары өстүрүлөт.